...

Алай районунда Жаштарды өнүктүрүү борбору ачылды

Бүгүн, Алай районунун Курманжан айыл аймагына караштуу Кабылан-Көл айылында жаңы Жаштарды өнүктүрүү борбору пайдаланууга берилди.

Борбор АРИСтин CASA-1000 коомдук колдоо долбоорунун алкагында курулуп, заманбап шарттар менен жабдылды. Имараттын курулушу жана кошумча жумуштары аталган долбоор аркылуу каржыланып, ички жасалгалоо жана инвентарь жабдыктарын сатып алуу үчүн Алай райондук өнүктүрүү фондунан кошумча каражат бөлүнгөн.

Салтанаттуу ачылышка Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, АРИС программасынын Ош облусу боюнча координатору Марат Сагынбаев, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.