2025-жылдын 25-апрелинде Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан Жумаш Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейи тарабынан “27-апрель – Кесипти даңазалоо күнү” акциясын утурлап жөө жүрүш уюштурулат.
📌 Иш-чаранын максаты – райондун тургундарына окуучулар ээ болуп жаткан кесиптер тууралуу маалымат берүү жана алардын пайдалуу жактарын жайылтуу.
👷 Жүрүшкө кесиптик лицейдин жалпы окуучулары, инженер-педагогикалык курамы, ошондой эле окуу базасына арналган үйрөткүч белгилери коюлган атайын автоунаалар жана тракторлор катышат.
Бардык тургундарды иш-чараны колдоого жана катышууга чакырабыз!