АЛАЙ РАЙОНУНДА ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 12-мартындагы №16/49 буйругунун негизинде 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин район аймагында жалпы ишембилик уюштурулууда. Аталган ишембиликтин алкагында айыл өкмөттөрүнүн жана Гүлчө мэриясынын башчылары, кызматкерлери, ошондой эле мекеме-ишканалардын жамааттары активдүү катышып, Гүлчө шаарынын жана айыл аймактарынын ички жолдорун, арыктарын жана мекемелердин айланасын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Тазалыкка болгон бирдиктүү кадам – жашообуздун […]

Алай районунун башчысы-аким Адыл Сапаров Жаңы-Алай айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Адыл Сапаров райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Жаңы-Алай айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүнүн маселелерин көтөрүп, сунуш-пикирлерин айтышты. Район башчысы көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, айрым маселелерди чечүү жолдору талкууланды. Мындан тышкары, иш сапардын алкагында социалдык объектилерди кыдырып, жүргүзүлүп жаткан курулуш […]

Жарандык коргонуу боюнча машыгууга даярдык талкууланды

Ош облусунун Жарандык коргонуунун 2026-жылга карата даярдык мерчемине ылайык, 2026-жылдын 25–26-март күндөрү Алай районунун аймагында облустук деңгээлдеги комплекстүү райондук машыгуу өткөрүлөт. Аталган иш-чарага даярдык көрүү максатында, 2026-жылдын 11-март күнү Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сапаров Адыл Солтоевич Жарандык коргонуунун башчысы катары жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Алай районунун Жарандык коргонуунун кызмат башчыларына, Гүлчө шаарынын мэрине […]

Алай районуна жаңы аким дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Сапаров Адыл Солтоевич Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Бүгүн, 9-март күнү Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жаңы дайындалган акимди тааныштырып, ишине ийгилик каалады. __________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Урматтуу апалар жана айымдар!

Сиздерди 8-Март — Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Аялзаты — үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, мээримдүүлүктүн жана сулуулуктун символу. Сиздердин эмгегиңиздер, акылмандыгыңыздар жана сабырдуулугуңуздар менен коомубуз өнүгүп, келечек муун тарбияланып келет. Бул майрам күнү сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик жана бакубат жашоо каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, […]

Бүгүн Алай районун жетектеп келген район башчысы — аким Чынгыз Бапаевди узатуу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарада Чынгыз Бапаевдин жетекчилик мезгилинде райондо бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, калкты түйшөлткөн маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келгендиги жогору бааланды. Анын райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы белгиленип, “Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана район аксакалдары Чынгыз Бапаевге аткарган эмгеги үчүн терең ыраазычылык […]

Алай районунун мурдагы акими Бапаев Чынгыз Арстанбековичтин Алай районунун элине кайрылуусу

Урматтуу Алай районунун тургундары! Мен сиздер менен бирге 2 жыл 2 ай убакыт аралыгында эмгектендим. Бул мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтер, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин депутаттары жана район тургундары менен биргеликте бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылдык. Анын алкагында мектептерди жана бала бакчаларды оңдоо, муниципалдык ишканаларды өнүктүрүү, […]

8-март – Айымдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди.

Бүгүн, 7-март күнү Гүлчө шаарында Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөр айтылып, айымдарга белектер тапшырылды. Ошондой эле Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры тарабынан коюлган «Алтын эшик» спектакли жана концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады. Урматтуу айымдар, […]

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди бүгүнкү 5-март кыргыздын улуттук баш кийимдеринин бири болгон Ак калпак күнүңүздөр менен чын дилимден кызуу куттуктаймын! Ак калпак бул-кыргыз жигиттерине сүр берип, айкөлдүгүн көргөзүп, эң негизгиси ак калпагы менен ар дайым бийик экенин даңазалайт. Кыргыз эли байыртадан баш кийим аркылуу аны кийип жүргөн адамдын жаш курагын, коомдогу оордун, статусун айтып беришкен. Ал эми ак […]

Кыргыз Республикасынын Туу күнү жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди

3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күнү жана 5-март – Ак калпак күнү Алай районунда салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев, мекеме-ишкана жетекчилери жана кызматкерлери катышышты. Майрамдык салтанатта район башчысы Чынгыз Бапаев жалпы райондун тургундарын бул маанилүү майрамдар менен куттуктады. Ал өз сөзүндө мамлекеттик Туу – эгемендүүлүгүбүздүн жана […]