Жибек Жолу айыл аймагы
Дареги: Алай району, Согонду айылы, Согонду-1 көчөсү №1.
Байланыш: +996 555 316 198, +996 0551552656 , lenin_24@list.ru
Аймак тууралуу маалымат: Админтративтик имараты райондун борборунан 20 чакырым аралыкта, ал эми облустун борборунан 100 чакырым аралыкта, Ош облусунун чыгыш тарабындагы Алай районунда жайгашкан. Айыл аймактын борбору – Согонду айылы.Айыл аймактын жалпы аянты- 85861,65 га. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн курамына 8 айыл кирет 1. Согонду 2. Мурдаш 3. Күн-Элек 4. Чоң-Бүлөлү 5. Кичи-Бүлөлү 6. Кошулуш 7. Көл-Чаты 8. Гагарин Калктын жалпы саны-10326 адамды түзөт. .
Айыл өкмөт башчысы: Камилов Токтосун
Кыскача резюме: Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңешинин, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана бир нече коомдук уюмдардын, фонддордун төш белгилери, алкыш баракчалары менен сыйланган. Кабылан-Көл айыл аймагынын ардактуу атуулу. КРнын Ички иштер министрлигинин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн”медалынын ээси. Муниципалдык кызматтын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси..
Үч-Дөбө айыл аймагы
Дареги: Алай району, Сопу-Коргон айылы М.Мамакова көч. 15;
Байланыш: +996 553 070 281, +996 222 818 172 , uch-dobo-alai@mail.ru
Аймак тууралуу маалымат: Административдик имараты райондун борборунан 40 чакырым аралыкта, ал эми областтын борборунан 120 чакырым аралыкта жайгашкан. Администативдик территориясынын жалпы аянты 93 588 км. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшү жер шартынын географиялык абалына ыңгайланышкан. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн курамына 13 айыл кирет, 2 674 кожолук , жалпы калкынын саны -18 485 адам жашайт.
Айыл өкмөт башчысы: Турганбаев Мустафа Жанибекович
Кыскача резюме: Жогорку билимдүү, 1999-2005-ж.ж. М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин “Электр тармактар жана системалар” факультетинин (энергетик адистигин ) бүтүрүп, инженер-энергетик адистигине ээси.
Курманжан Датка айыл аймагы
Дареги: Алай району, Курманжан Датка айылы Боз-Караган 2/5
Байланыш: +996 559 847 575, kurmanjandatka-ao@mail.ru
Аймак тууралуу маалымат:Курманжан Датка айыл өкмөтү 1996-жылы уюшулган.Ош облусунун түштүк, чыгыш бөлүгүндө, ал эми Алай районунун түндүк батыш бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн курамына 9 айыл кирет Курманжан Датка айыл өкмөтү райондун админстративдик чек арасынын түштүк бөлүгүндө жайгашып, Алай районунун бийик тоолуу өрөөнүн ээлейт. Айыл өкмөтүнүн территориясы райондогу Тилектеш, Гүлчө айыл өкмөтү менен батыш тарабынан Кара-Суу району менен чектешет.
Айыл өкмөт башчысы: Жеңишбек Орозбай уулу
Кыскача резюме: Юрист, мамлекеттик башкаруу боюнча магистр даражасына ээ. Муниципалдык башкарууда чоң тажрыйбасы бар.
Памир-Алай айыл аймагы
Дареги: Алай району, Памир-Алай айыл аймагы Сары-Таш айылы Мээрим көчөсү 16
Байланыш: (0-3234) 5-18-38 , pamir-alay@mail.ru
Аймак тууралуу маалымат: Административдик имараты райондун борборунан 104 чакырым аралыкта, ал эми областтын борборунан 184 чакырым аралыкта жайгашкан. Администативдик территориясынын жалпы аянты 371 461 га. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшү жер шартынын географиялык абалына ыңгайланышкан. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн курамына Сары-Могол,Сары-Таш,Талды-Суу, Арча-Булак, Нура айылдары кирип, 1782 кожолук ,же жалпы калкынын саны -11702 адам жашайт.
Айыл өкмөт башчысы: Анарбаев Кутманали Асатиллаевич
Кыскача резюме: Жогорку билимдүү, Ош технологиялык университетин финансы экономика факультетинин(бухгалтердик эсеп жана анализ адистигин ) бүтүрүп, инженер адистигине ээ
Гүлчө айыл аймагы
Дареги: Алай району, Гүлчө айылы Алымбек датка көчөсү №275
Байланыш: +996 552008989, kokboru9009nurs@gmail.com
Аймак тууралуу маалымат: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Гүлчө жана Будалык айыл өкмөттөрү бириктирилип, кайрадан Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп түзүлдү. Айыл өкмөтүнүн карамагына жалпы 12 айыл кирет. Алар Гүлчө, Чакмак, Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак, Курманжан датка, Оро-Дөбө, Тамга-Терек, Кум-Шоро, Кара-Суу, Октябрь, Кайнама. Ош облусунун түштүк бөлүгүндө , ал эми Алай райондун борборунада жайгашып, түндүк-батыш жактан бийиктиги 1700м Чыйырчык ашуусу Кара-Суу району менен чектешип жана түндүк чыгыш жактан Курманжан Датка, Тилектеш айыл өкмөттөрү менен чектешип, Улуу Жибек Жолу Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо, Жылы-Суу, Гүлчө, Чакмак, Оро-Дөбө айылдары аркылуу өткөн. .
Айыл өкмөт башчысы: Шаймерденов Аскарбек
Байланыш телефону: 0553 00 00 00
Кыскача резюме: Билим берүү тармагында жана мамлекеттик кызматта көп жылдык тажрыйбасы бар. Аймактын социалдык өнүгүүсүнө басым жасоодо.
Жаңы-Алай айыл аймагы
Дареги: Алай району, Жаңы-Алай айылы И.Умаров 12
Байланыш: : +996 502 10 06 75, +996 550 51 57 54 , jany-alai2014@mail.ru
Аймак тууралуу маалымат:Жаңы-Алай айыл өкмөтү Ош облусунун түндүк чыгыш тарабындагы Алай районун айыл жергесинде жайгашкан. Аймак чыгыштан Отуз-Адыр айыл аймагы менен батыштан Учкун айыл аймагы менен чектешет. Айыл өкмөтүнүн курамына 2 айыл кирет. Администативдик территориясынын жалпы аянты 1913 га. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшү жер шартынын географиялык абалына ыңгайланышкан. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн курамына Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдары кирип, 946 кожолук , же жалпы калкынын саны - 4876 адам жашайт.
Айыл өкмөт башчысы: Кеңешов Даанышбек Ажимуратович
Кыскача резюме: Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетининин айыл чарба бөлүмүн бүтүрүп, Зооинжинердик адистигине ээ болгон..
Тилектеш айыл аймагы
Дареги: Алай району, Жаңы-Турмуш айылы Жаңы-Турмуш-1 көч. 1-а.
Байланыш: +996 556610484, +996 755144424, zhosholu-ao@mail.ru
Аймак тууралуу маалымат: Административдик имараты райондун борборунан 13 чакырым аралыкта, ал эми областтын борборунан 83 чакырым аралыкта, дениз денгээлинен бийиктиги 1850-3000 метр жайгашкан. Административдик территориясынын жалпы аянты 57,487 га. Айыл чарба багытындагы жеринин жалпы аянты – 665 га, анын ичинен 61 га суулуу, 604 га кайрак айдоо, чөп орунду жерлери 2145 га, ал эми жайыт жерлери 4620 га. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын,социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшү жер шартынын географиялык абалына ыңгайланышкан. Тилектеш айыл өкмөтүнүн курамына калктуу конуштардан 12 айыл кирип,2025-жылдын 1-январына карата 2365 кожолук ,же жалпы калкынын саны -14610 адам жашайт.Калктын 95 пайызы мал чарбачылыгы менен тиричилик кылышат.
Айыл өкмөт башчысы: Мусабаев Кадырбек Арапбаевич
Кыскача резюме: Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетин химия-биология факультетин (химия-биология мугалими) бүтүргөн.