Алай районуна эл аралык уюм жана Жогорку Кеңеш депутаты иш сапары менен келишти

499983179 1105754358058835 2567863798274891515 n

2025-жылдын 25-май күнү Алай районуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимова жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Оразгелди Гучгельдиев иш сапары менен келишти. Конокторду Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Чынгыз Бапаев тосуп алып, Курманжан Датка музейинде уюштурулган көргөзмөгө жана маданий иш-чарага катышышты. Иш сапардын алкагында айыл чарбаны өнүктүрүү, билим берүү […]

Алай районунда Жаштарды өнүктүрүү борбору ачылды

499919692 1105665398067731 1965092172290368895 n

Бүгүн, Алай районунун Курманжан айыл аймагына караштуу Кабылан-Көл айылында жаңы Жаштарды өнүктүрүү борбору пайдаланууга берилди. Борбор АРИСтин CASA-1000 коомдук колдоо долбоорунун алкагында курулуп, заманбап шарттар менен жабдылды. Имараттын курулушу жана кошумча жумуштары аталган долбоор аркылуу каржыланып, ички жасалгалоо жана инвентарь жабдыктарын сатып алуу үчүн Алай райондук өнүктүрүү фондунан кошумча каражат бөлүнгөн. Салтанаттуу ачылышка Алай райондук […]

Алай районунда кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

499541810 1104033894897548 2252421237251253721 n

2025-жылдын 22-май күнү Алай районунун экономикасын өнүктүрүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөр Жибек-Жолу жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө уюштурулуп, анда райондо асфальт-бетон заводу (АБЗ), технопарк жана логистикалык борбор куруу боюнча сунуштар каралды. Бул долбоорлор келечекте район экономикасына олуттуу […]

Алай районунда аппараттык жыйын өткөрүлдү

499249004 1102130718421199 3131439418792349145 n

Алай районунда жетекчилердин, айыл өкмөт башчыларынын жана билим берүү мекемелеринин директорлорунун катышуусунда кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Чынгыз Бапаев бүтүрүүчү класстардын окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө жана жалпы мамлекеттик аттестациялоого даярдоо, ошондой эле акыркы коңгуроо салтанатын коопсуз жана жоопкерчиликтүү өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Бул багытта коомдук тартипти жана жаш өспүрүмдөрдүн […]

Алай районунда жаңы социалдык объекттер пайдаланууга берилди

499512058 1102142311753373 1080978594934744721 n

Бүгүн, Алай районунун Гүлчө айыл аймагында бир катар жаңы социалдык объекттердин ачылыш аземи болуп өттү. Кум-Шоро айылында АРИСтин CASA-1000 долбоорунун алкагында ОсОО “Аист-Строй” курулуш компаниясы тарабынан 9 бөлмөлүү, заманбап шарттары бар жаңы эмкана курулуп, пайдаланууга берилди. Ал эми Кара-Суу айылында жайгашкан №20 Ш.Айткулов атындагы бала бакчада республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган жаңы актовый залдын […]

Алай районунда Энелер күнү белгиленди

499848407 1100597915241146 3359863774453763485 n

2025-жылдын 18-май күнү Алай районунда “Энелер күнү” белгиленип, ага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Чыңгыз Бапаев, айыл өкмөт башчылары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аким өз куттуктоосунда энелердин коомдогу орду, эмгеги жана үй-бүлөдөгү ролу тууралуу сөз кылып, төмөнкүдөй ойлорду бөлүштү: «Жадыраган жаздын күнүндө, майрамдарга толгон май айында, Энелер күнү – бул өзгөчө толкунданууну жараткан майрам. […]

БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ ӨТӨТ

banneran

Алай райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү” бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 16-май күнү, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында “Бош жумуш орундар жана кесиптер” жарманкеси өткөрүлөт. 🔹 Башталышы: саат 10:00🔹 Орду: Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аянтчасы Жарманкенин максаты:– Жумушсуз жарандарга жана бүтүрүүчүлөргө жумуш сунуштарын тартуу– Мекеме-ишканалар менен байланыш […]