Социалдык контрактын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 150 миң сомдон сертификаттар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомунун негизинде 2026-жылга карата районубузга 372 квота бөлүнгөн.Азыркы учурда 150 жаран “Финансылык сабаттуулук” бизнес-планды өркүндөтүү боюнча окуутулар өткөрүлдү. Айыл өкмөттүн жана убактылуу райондук комиссия тарабынан тандалып алынган 139 үй-бүлөнүн долбоорлору жактырылып аларга 150 000 сомдон сертификаттарга ээ болушту. Бүгүнкү иш-чарада Алай […]
Мониторингдин жыйынтыгында баалар төмөнкүдөй экендиги аныкталды

Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бапаев Чыңгыз Арстанбековичтин тапшырмасынын негизинде бүгүн, 24.02.2026-жылы борбордук базарларда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүлүп, соодагерлер менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында баалар төмөнкүдөй экендиги аныкталды: • Эт – 680 сомдон сатылууда. • Картошка – 40 сомдон 50 сомго чейин. • Пияз – 30 сомдон. • Суу майы […]
Аталган иш-чарада Алай району прокуратура кызматкерлери мыйзам талаптарынын сакталышы тууралуу түшүндүрмө беришти.

Алай району прокуратурасы, Алай райондук билим берүү бөлүмү, Алай райондук эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Тилектеш айыл өкмөтү менен биргеликте Алай районунун Корул айылында жайгашкан А.Бекташов атындагы орто мектебинде ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда зордук-зомбулуктун, балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, эрте никеге […]
Урматтуу Ата Мекенди коргоочулар!

Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Бул майрам – мекенибиздин тынчтыгы менен коопсуздугун сактап, эл-жердин бүтүндүгү үчүн кызмат өтөп жаткан жана өтөгөн жоокерлерге, ардагерлерге болгон терең урмат-сыйдын белгиси. Сиздердин кайраттуулугуңуздар, мекенчилдигиңиздер жана жоопкерчилигиңиздер мамлекетибиздин бекемдигинин негизи болуп саналат. Ата Мекенибиздин келечеги үчүн ак ниет эмгек кылып, өлкөбүздүн тынчтыгын сактоодо кошкон […]
2026-жылдын 23-февралында Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2025-жылдын 25-февралындагы 12-к көрсөтмөсүнүн тиркемесинде көрсөтүлгөн

2026-жылдын 23-февралында Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2025-жылдын 25-февралындагы 12-к көрсөтмөсүнүн тиркемесинде көрсөтүлгөн, 2025-2027-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын иш-чаралар Планында белгиленген талаптарын аткаруу максатында, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга […]
2026-жылдын 18-февраль күнү, Гүлчө шаарындагы 67-кесиптик техникалык лицейинде Алай районунун прокуратурасынын аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

2026-жылдын 18-февраль күнү, Гүлчө шаарындагы 67-кесиптик техникалык лицейинде Алай районунун прокуратурасынын, 67-кесиптик техникалык лицейинин жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен аталган окуу жайдын окуучуларынын, мугалимдеринин, устаттарынын жана ата-энелердин катышуусунда “Биз-зомбулуксуз келечек үчүн” – деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада окуу жайдын окуучуларынын аткаруусунда зордук-зомбулуктун түрлөрү, зордук-зомбулукту жаш өспүрүмдөргө тийгизген таасири, анын кесепеттери туурасында даярдалган […]
Бүгүн, Памир-Алай айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев менен биргеликте айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар катышкан иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу келишимдик негизде сатып алынган төрт заманбап техниканын ачкычы расмий түрдө тапшырылды. Алар: Zoomlion RN1104 үлгүсүндөгү трактор; XCMG XE150WB үлгүсүндөгү дөңгөлөктүү экскаватор; XCMG GR1905T үлгүсүндөгү автогрейдер; Таштанды чыгаруучу автоунаа. Бул […]
Үй-бүлөлүк зордук зомбулукка каршы иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, Алай районунда «Үй-бүлөлүк зордук зомбулук» темасында алдын алуу жана түшүндүрүү багытындагы иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу, Алай райондук прокуратурасынын башчысы У.Насирдинов, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ч. Иманалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, мектеп директорлору, социалдык педагогдор, Аксакалдар кеңеши жана Аялдар кеңеши […]
Ооган согушунда курман болгон аскерлер эскерилди.

Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Эскерүү иш-чарасы «Сулайманов Мухтарбек атындагы Жеңиш» аянтында өтүп, ага район башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, Ооган согушунун ардагерлери жана аскер кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө согуштан кайтпай калган жана каза болгон жоокерлердин элесине гүл чамбарлар коюлуп, алардын жаркын элеси эскерилди. Алай райондук мамлекеттик […]
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

Салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды. Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу башталганын маалымдайт. Декларация тапшыруу мөөнөттөрү: 2026-жылдын 1-апрелине чейин тапшырылат: Кыргыз Республикасынын уюмдары (айрым бюджеттик уюмдардан тышкары); КР аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер; БШК, Сот адилеттиги […]